АШКЕРЕ I
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Кандай экендиги, эмне экендиги белгилүү, айдан ачык. Бул үн булбулдуку эмес экендиги ашкере болду (Жантөшев). Ооруну жашырса, өлүм ашкере кылат (макал). 2. Барып турган, бөтөнчө. Ашкере, баатыр Табылды Кырга чыгып барды эми («Эр Табылды»). Ашкере сулуу Чүрөктөн, Алакандай кат алып («Семетей»).